SerepTV Logo

BYPOL: "Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 миллион доллар беришкен"

BYPOL: "Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 миллион доллар беришкен"

Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларустун президенти Александр Лукашенкого кеминде 1,6 миллион долларды калкалоо үчүн беришкен. “Беларустун күч кызматкерлеринин биримдиги - BYPOL” деп аталган YouTube каналында Лукашенкого пара бергендер тууралуу иликтөө жарыялады. Мындай маалымат дал ошол иликтөөдө айтылат. Пара бергендердин арасында Кыргызстандын бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жубайы Айжан Кененбаева да бар.

Маалыматка караганда, Бакиевдер бул акчаны өз өлкөсүндө күтүп жаткан сот жообунан калкалап, жаап-жашыруу жана Бишкектин экстрадиция тууралуу талабын расмий түрдө четке кагуу үчүн беришкен. Бакиевдердин аркасы менен Александр Лукашенконун автопаркында Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard пайда болгон, анын баасы 1,4 миллион евродон кем эмес. Мындан тышкары, Максим Бакиевдин жубайы аркылуу 26 миң 500 долларлык Harley-Davidson мотоцикли тартууланган.