Жетишип калыңыз. Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын запасы аз калды
Учурда өлкөдө коронавирус илдетине каршы “Синофарм” жана “Спутник V” вакцинасы колдонулуп жатат. Вируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын берүү аяктоо алдында турат. Бул тууралуу республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
"Синофарм" вакцинасынан 150 миң доза келген, ал 75 миң адамга жетет. "Спутник V" вакцинасы 40 миң доза келген, ал 20 кишиге жетет. Эмдөө 21 күндүк тыныгуу аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. 25-майга карата өлкө ичинде 80 миңден ашуун адам эмделди. Кытайдын препаратын 67 миңден ашуун киши, Орусиянын препаратын 14 миңден ашуун киши алды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалымат боюнча 16 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар илдетке каршы эмдөөдөн өтүүгө укуктуу. Вакциналар облустарга бөлүштүрүлүп, ар бир каалоочуга берилип жатат.