SerepTV Logo

Жетекчилик: "Манас" аэропорту тышкы башкарууга өткөрүлүп берилип жатканы калп"

Жетекчилик: "Манас" аэропорту тышкы башкарууга өткөрүлүп берилип жатканы калп"
"Манас" эл аралык аэропортунун татарстандык инвесторго тышкы башкарууга өткөрүп берилип жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда "Манас" эл аралык аэропорту компаниясынын жетекчилиги инфраструктуралык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттордун киреше бөлүгүн кеңейтүү, компаниянын түздөн-түз жана кыйыр кирешелерин камсыздоо үчүн жаңы ишмердүүлүктү жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууда. «Бүгүнкү күндө кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул иш чаралардын чегинде "ЯДРАН" ишканасынын жетекчиси Ирек Салихов менен жолугушуу болуп өттү. "МЭА" ачык акционердик коомунун башкы директору Бакыт Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берген. Анын ичинен, "Манас" жана "Ош" аэропортторунун эскирген учуу-конуу тилкелерине реконструкция иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселени көтөргөн. Сүйлөшүүлөр таанышуу-маалыматтык мүнөздө өткөн. "Манас" аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси "МЭА" ААКнын жетекчилиги тарабынан каралбайт», - деп айтылат маалыматта. Мекеме белгилегендей, "ЯДРАН" компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келишкен. "МЭА" ААКнын инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап көрүшүүдө.
Unknown Author