SerepTV Logo

Жер-Үйдөгү уулануу. Кызматкерлердин анализинин жыйынтыгы чыкты

Жер-Үйдөгү уулануу. Кызматкерлердин анализинин жыйынтыгы чыкты
Жер-Үйдө ууланды делген кызматкерлердин анализинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Талас облустук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. «20-март күнү Жер-Үй алтын кениндеги «Альянс-Алтын» компаниясынын 8 кызматкери тамактан уулануу боюнча анализ тапшырышкан. Анын жыйынтыгы боюнча баарынан тең тамактан уулануу белгилери катталган эмес. Баары ич өткөк деп чыкты», - деп айтылат маалыматта. Окуя тууралуу: 21-март күнү соцтармактарда Жер-Үй алтын кенинде  2-3 күн мурун 18 адам тамакка ууланганы тууралуу маалымат тараган. Маалыматты жарыялаган жаран "Ууланган адамдарды эч кимге унчукпагыла деп коркутуп коюшкан. Алар жумушунан кол жууп калуудан коркуп, үн катпай отурушат. Таластын жаңы жетекчисинин бул боюнча кабары барбы?» деп билдирүү жасаган. Талас ОИИБдин басма сөз кызматы коомчулукка бул маалымат боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган. «Альянс-Алтын» ишканасы бул окуя тууралуу 22-март күнү гана үн катып, компаниянын 15 жумушчусу өздөрүн жаман сезип, медициналык кызматкерлерге кайрылганын, алардан анализ алынып, Талас санэпидемстанциясына жөнөтүлгөнүн билдирген.
Unknown Author