SerepTV Logo

Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланды деген маалымат боюнча иликтөө иштери башталды

Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланды деген маалымат боюнча иликтөө иштери башталды
Кечээ, 21-март күнү Фейсбук социалдык тармагына Султанбек Аманбеков аттуу колдонуучу Таластагы Жер-Үй алтын кенинде, мындан 2-3 күн мурда 18 адам тамакка ууланганын жазган эле. "Тийиштүү органдар бүгүн гана кыймылдай баштады. Ал эми ууланган адамдарды эч кимге унчукпагыла деп коркутуп коюшкан. Алар жумушунан кол жууп калуудан коркуп, үн катпай отурушат. Таластын жаңы жетекчисинин бул боюнча кабары барбы?” - деп жазган ал билдирүүсүндө. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА агенттиги Талас ОИИБге кайрылып көрдү. Алардын айтымында, тамакка ууланган жарандар тарабынан ооруканага кайрылуу болгон эмес. "Учурда жарыяланган маалыматтын чын-бышыгын аныктоо үчүн изилдөө, тергөө иштери жүрүп жатат. Ооруканаларда ууланган адамдар катталган эмес. Эгер бул маалымат чындыкка дал келбесе, социалдык тармакка бул маалыматты тараткан адам жоопко тартылат. Жоопко тартуу ишин юристтер карайт. Бирок учурда окуя тергелип жатат", - дешти алар.