SerepTV Logo

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди: — Ысык-Көл облусу Ак-Суу райондук сотуна: Маматкулов Русланбек Темиркулович; Балыкчы шаардык сотуна: Мамбетова Чинара Сталбековна; — Чүй облусу Аламүдүн райондук сотуна: Чоткараев Тилек Устабаевич; — Талас облусу Талас облустук сотуна: Султаналиева Айнура Кенжебековна; — Баткен облусу Баткен облустук сотуна: Пазылов Мамасаит Мамытович; — Бишкек шаары Биринчи май райондук сотуна: Жумагулова Жылдыз Таалайбековна. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.