Жергиликтүү шайлоодо ИИМдин кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылат
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков бүгүн, 9-мартта 2021-жылдын 11-апрели жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жол коопсуздугун сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-апрели жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо сактоонун бардык жагдайларына токтолду. ИИМ шайлоого даярдык көрүү мезгилинде жана шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоонун иш мерчемдерди иштелип чыкты, ИИМде ыкчам штаб иштей баштады. Шайлоого даярдануу учурунда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун шаймандары менен кайтарууга алуу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин жеткирүү коопсуздугун бекем сактоону да тапшырды. Милиция саясаттан тышкары турат. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек деди. Ал ошондой эле шайлоодо добуш сатып алууну, административдик ресурсту колдонууну жана шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алып жана ага бөгөт коюу максатында иш чараларды колго алууну жана эл арасына түшундүрүү иштерин жүргүзүүүнү да тапшырды.
Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен жогоруда аталган багыттарга байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып аны аткаруу боюнча иш-мерчемдер белгиленди.