Жергиликтүү шайлоо: БШК 15 миллион сомго жеке коргонуу каражаттарын сатып алат
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга 15 миллион 41 миң сом жумшалат. Анын ичинен, 1 миллион 170 миң сомго – санитайзер, 3 миллион сомго – төрт кабаттуу бир жолу колдонулуучу бет кап, 1 миллион 585 миң сомго – респитатор, 1 миллион 806 миң сомго – кол кап, 4 миллион 950 миң сомго – тилкелик шайлоо комиссиянын мүчөлөрү үчүн кийимдер, 1 миллион 680 миң сомго шайлоочулар үчүн спирттүү кол аарчылар сатылып алынат.
Белгилей кетсек, өлкөдө 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.