SerepTV Logo

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого канча жаран катыша алат?

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого канча жаран катыша алат?
11-апрелге дайындалган 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу бар жарандардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларына илинди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси 10-февралда “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылган. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу бар жарандардын саны 3 миллион 304 миң 485 шайлоочуну түзөт. Алардын ичинен аялдар - 1 миллион 580 миң 631, мырзалар - 1 миллион 723 миң 854. Шайлоочулардын акыркы тизмеси 1-апрелде түзүлөт.
edita