Жер планетасындагы жашоо качан токтошу мүмкүн?
НАСАнын (АКШнын Улуттук аэрокосмостук агенттиги) жана Япониянын Тохо университетинин илимпоздору Жер планетасынын кычкылтекке бай атмосферасы 1 миллиард жылдан кийин бузула турганын аныкташты. Бул жер жүзүндөгү бардык тирүү жандардын өлүмүнө алып келет. Мындай изилдөө «Нэйче» («Nature») журналында жарыяланды.
Изилдөөнүн авторлору компьютердин жардамы менен климат, геологиялык активдүүлүк, биологиялык процесстер жана Күндүн активдүүлүгү сыяктуу факторлорду эске алып, келечекте Жер планетасында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин аныктоого аракет кылышкан. Анын жыйынтыгында. Күн канчалык ысыган сайын, атмосферадагы көмүр кычкыл газынын көлөмү төмөндөй турганы белгилүү болгон. Россиянын «Лента.ру» басылмасы жазгандай, анын кесепетинен озон катмары да жоголот.
Көмүр кычкыл газынын көлөмү белгилүү бир чектен ашкандан кийин өсүмдүктөрдө фотосинтез процесси жүрбөй калып, алардын жок болушуна алып келет. Көмүр кычкыл газынын көлөмү болжол менен 10 миң жылдан кийин төмөндөшү мүмкүн.
«Ошондой эле атмосферада кычкылтек дагы азайып, кургактагы жана суудагы жан-жаныбарлар кырылат. Андан тышкары метан газы бөлүнүп чыгып, ал тирүү жандардын жок болушун тездетет. Жер планетасында анаэробдук микроорганизмдер эле калат. Алар татаал организмдер пайда болгонго чейинки биосферага окшош болушат»,- деп айтылат макалада.