Жеңиш Молдокматов: "Мага коюлуп жаткан айыптар - абсурд"
Бүгүн, 8-майда Биринчи май райондук сотунда саясатчы, "Ханституцияга каршы" борборунун демилгечиси Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Ал соттук отурумга алып келинди.
"Коюлуп жаткан айып менен макул эмесмин. Анткени биз, 5-6-октябрда Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевди чыгаруу боюнча барганбыз. Бүгүн "имаратты басып алуу" деген кинени коюп жатышат. Бул жөн эле абсурд. Бул бийликтин кысымы", - деди ал.
Жеңиш Молдокматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө ИИМге суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (имараттарды жана курулмаларды басып алуу) менен кылмыш иши козголгон.