Жеңиш Молдокматов жүрөк оорусунан улам 47-колониядагы ооруканага которулду
Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов жүрөк оорусунан улам 47-колониядагы ооруканага которулду. Бул тууралуу "Туран" саясий партиясынын Фейсбуктагы баракчасында жазылат.
6-августта Молдокматов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-1ге которулган. Буга чейин айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандыктарды уюштуруу) боюнча кылмышка шектүү деген эскертүү берилген. Каршылык иретинде ал ачкачылык жарыялаган.