SerepTV Logo

Жеңиш чокусунун аймагында эки ирандык альпинист дайынсыз болууда

Жеңиш чокусунун аймагында эки ирандык альпинист дайынсыз болууда
Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист - Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка караганда, куткаруучулардын тобунун жана тик учактардын катышуусундагы издөө операциясы 6-августта башталган жана азыркы убакка чейин уланып жатат. "Тилекке каршы, эмдигиче издөө операциясы натыйжа берген жок, ошондой эле эки альпинисттин учуп кеткен жана жоголгон (6 миңден 7 миң метрге чейинки) жерлерин альтитудасынын чоңдугу оорлукту жаратууда. Жоголгон ирандык альпинисттерди издөө дагы да болсо улана бермекчи",- деп айтылат маалыматта.