Жеңиш чокусунда калып калган Наталья Наговицинанын акыркы сүрөтү жарыяланды
Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын бутун сындырып алгандан кийинки сүрөтү тарады.
РЕНТВ жарыялаган сүрөттө Наталья Наговицина бутунан жаракат алганын көрүүгө болот. Сынык чатырдын таягы менен бекитилет. Альпинисттин оң тарабында орусиялык аялга жардам берүүгө аракет кылганда каза болгон италиялык Лука Синигальяны көрүүгө болот.
Окуянын хронологиясы:
- 12-августта Орусиянын жараны Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте бутун сындырып алган. Анын жанындагы Роман Мокринский биринчи жардам көрсөтүп, жардам чакыруу үчүн ылдыйга түшкөн.
- 13-14-августта жабыркаган аялга италиялык Лука Синигалья менен Германиядан келген Гюнтер Зигмунд чыккан. Алар ага уктоочу баштык, тамак-аш жана газ жеткирип беришкен. Бирок аба ырайына байланыштуу алардын жолу бөгөттөлүп калган.
- 15-августта Луканын абалы начарлап кеткен. Дарыгерлер анын мээси шишип кеткенин божомолдошкон. Кечинде лагерге жетпей каза болуп калган.
- 16-августта Коргоо министрлигинин Ми-8 учагы 4600 метр бийиктиктеги Дикий ашуусунда катуу конгон. Андагы адамдардын баары аман калган. 4 адам жаракат алып, Караколго жеткирилген.
- 19-21-августта учкучсуз учактар Наговицынада аман экенин катташкан, бирок кар көчкү коркунучу куткаруучулар тобунун ага жакындашына тоскоол болгон.
- 23-августта аба ырайынын кескин начарлашынан жана куткаруу тобунун жетекчисинин ден соолугунун начардыгынан куткаруу операциясын токтотууга аргасыз болушкан.