SerepTV Logo

Адвокат: "Женго" каймана аттуу кримтөбөл УКМКга өзү барды

Адвокат: "Женго" каймана аттуу кримтөбөл УКМКга өзү барды
Ошто “Женго” деген каймана аты бар Кадырбек Досонов аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү УКМКга өзү келди. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын айтымында, Досонов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн сот ага карата баш коргоо чарасын тандайт. “Досоновго жер тилкесин мыйзамсыз басып алган деген айып тагылууда. Досоновдун мурунку аялынын үйүнүн тосмосу белгиленген чек арадан ашып кеткен. Адатта, мындай маселелер мэриянын буйругу менен чектелип, жарандык тартипте чечилет»,- деди Назгүл Сүйүнбаева. Эскерте кетсек, 2020-жылдын ноябрь айында УКМК Кадырбек Досоновго издөө жарыялаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал оор кылмышка катышкан. Белгилей кетсек, Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө күнөөлөнгөн. Күч органдары аны эки жылдан кийин кармаган, бирок 2017-жылы июль айында Кара-Суу райондук сотунун чечими менен бошотулган. Январь айында аны Ош ШИИБ профилактикалык сүйлөшүүгө чакырган болчу. Ал эми кечээ УКМК аны кармоо үчүн "Перехват" планын жарыялаган эле.
edita