SerepTV Logo

Жазуучу Кеңеш Жусуповго "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды

Жазуучу Кеңеш Жусуповго "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды
Жазуучу, прозаик жана публицист Кеңеш Жусуповго "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бүгүн, 23-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды. "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн – “Эмгек Баатыры”  артыкчылык даражасы Кеңешке Жусуповго ыйгарылсын", - деп жазылат жарлыкта. Тарыхчы, жазуучу Кеңеш Жусупов "Кыргыздар" атылышындагы 40 томдуктун авторлошторунун бири.