SerepTV Logo

Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзамда түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режимин колдонууга жол ачкан мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзамдын негизги ченемдери төмөнкүлөр: - жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режими болот. Ага ылайык, обочолонгон участок түзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мунун баары ведомстволук актылар менен аныкталат; - соттолгон адам бойго жете элек баласынын жалгыз ата-энеси болуп эсептелсе, баласы менен жолугуу үчүн белгилүү мөөнөткө абактан тышка чыгууга укук берилет; - соттолгон адамдын жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу максатында бир мекемеден экинчи мекемеге которуу мүмкүнчүлүгү каралат; - өзгөчө режимдеги мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн акы төлөнүүчү жумушчу орун түзүү каралат; - соттун чечими менен түрмөгө которулганда жазанын мөөнөтүн жана шарттуу эрте бошотуу мөөнөттөрүн эсептөө үчүн эрежелер белгиленет.
Мыйзам 2024-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.