SerepTV Logo

"Жаркылдаган кыз эле". Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчыда жерге берилет

"Жаркылдаган кыз эле". Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчыда жерге берилет
Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет. Бул тууралуу соцтармакта анын таанышы Гүлкайыр Абдиманнап кызы билдирди. Анын айтымында, кыздын сөөгүн кечээ жакындары Бишкектен Балыкчыга алып кетишти. «Бүгүнкү үрөй учурган окуяга байланыштуу... Айзада менен жакшы таанышмын. Өтө жакшы кыз эле. Эч жамандыгы жок, түз жүргөн кыз. Кичинекейимен эле жакшы тааныйм. Сенин бирөөгө кымындай да жамандыгың жок эле. Айзаданын сөөгүн азыр жакындары Балыкчыга алып кетип жатышат. Жакындары сөөгүн жерге берип келип, бул ишти аягына чыгарабыз дейт. Күнөөлүүлөр жазасын алышат дешти», - деп жазган ал.
5-апрелдин таңында Бишкектин чок ортосунан 3 жигит күчтөп унаага салып кеткен кыздын сөөгү кечээ, 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган. Кызды уурдап кеткен 36 жаштагы жаран алгач аны муунтуп өлтүрүп, кийин өзүнө бычак менен кол салган. Экөөнүн унаанын ичинде жаткан сөөгүн чабан көрүп калып, милицияга кабарлаган. Бүгүн ИИМ имаратынын алдында саат 12:00дө жарандык активисттер ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу министрдин отставкасын талап кылып, митинг уюштурушат.
Unknown Author