SerepTV Logo

Жаратылыш министри Бишкекте ыш азайганын айтты

Жаратылыш министри Бишкекте ыш азайганын айтты
Бишкекте акыркы жылдары ыш азайганын бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев айтты. Анын айтымында, Бишкектеги абанын сапаты жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2022-2023-жылдарга салыштырмалуу тазарган. "Комплекстүү, антропогендик себептердин негизинде, ыш маселеси пайда болуп отурат. Негизги себептери унаалардан катализаторлорунун алып салынышы, калктуу конуштардын чоңоюшу, башаламан курулуштар, курулуштардын натыйжасында кыйылган бак-дарактардын айынан шамалдын багыты бузулуп Бишкекте ыш күчөп жатат", - деди министр. Ал эми министрлик абанын булганышынын негизги себептерин төмөнкүчө жарыялады: көмүрдүн күйүшү — 40%; катализатору жок унаалардан чыккан газ — 30%; ЖЭБ — 15%; чаң — 13,5%, өндүрүш ишканалары — 1,5%.