«Жарандык көзөмөл комитети» Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин саясий кысым деп баалап, БУУга кайрылды
Кыргызстандын «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин саясий бийликтин сот системасына карата болуп көрбөгөндөй кысымы деп атады.
Уюмдун 1-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө мамлекет кооптуу абалга кептелгени, «президент менен депутаттар көз каранды эмес сот системасын жок кылганы мамлекеттүүлүктү жок кылууга барабар экени" белгиленип, мунун кесепетинен мамлекеттин адам укуктарын жана мыйзамдуулукту коргоосу начарлап, оор кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгы айтылды.
Буга байланыштуу «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) агенттиктерине кайрылып, Кыргызстан соттордун көз каранды эместик принциптерин бузуп жатканын, себеби Жогорку соттун төрайымы кызматтан жасалма кылмыш ишинин негизинде алынганын, Гүлбара Калиева коомчулуктун ишенимине ээ экенин жана ал сот органдарындагы коррупцияга каршы күрөшкө зор салым кошконун белгиледи.
Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары 1991-жылы бул уюмдун бир катар пакттарына өз эрки менен кошулган.
Президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун 31-мартта парламент колдоп берген.
Калиевага карата кылмыш иши козголгонун, ал санарипке өтүү долбоору боюнча жемкорлукка барганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл февраль айында билдирген. Калиева мындай айыптоо негизсиз экенин айткан.