SerepTV Logo

Жапаров Суваналиевге 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинин тапшырды

Жапаров Суваналиевге 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинин тапшырды
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Сыйлыкты президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапар менен барган учурда тапшырган. Буга чейин генерал-майор болду деген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге да наамы Баткенде берилген. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылган. Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери башкы кол башчыдан энчилүү сааттарды жана алкыш жарыяланган баракчаларды алышкан. Президент Жапаров кечээ, 3-апрелде Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Коопсуздук — 2021" жана "Калыптандыруу — 2021" аскердик машыгууларынын жабылыш аземине катышкан.
edita