"Жаныш Бакиев Алматыда жүрөт". Социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн сүрөт
Социалдык тармактарда 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин качып кеткен өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевге окшогон адамдын сүрөтү тарап, кызуу талкууга түштү.
Соцтармактын колдонуучуларынын маалыматтарына ылайык, Жаныш Бакиевге окшош адамды Казакстандын Алматы шаарында көрүшкөн. Сүрөт 9-мартта аталган аймактагы мейманканалардын биринин лифтинде тартылган.
Анда лифтте коронавирустун жайылышына байланыштуу сактанууга чакырган плакаттарды көрүүгө болот. Ал плакаттарда Казакстан Республикасынын герби жана ал өлкөнүн саламаттыкты сактоо борборунун логотиби тургандыктан колдонуучулар Бакиев жүргөн аймак Казакстан экенине ынанышууда.
Белгилей кетсек, 2010-жылдагы кандуу апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Калгандарына сот өкүмү чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.