SerepTV Logo

Жаңы рекорд: Өлкөдө бир суткада 58 миңден ашык адам эмделди (такталды)

Жаңы рекорд: Өлкөдө бир суткада 58 миңден ашык адам эмделди (такталды)
Өткөн суткада 58 миң 398 адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Республикалык ыкчам штаб билдирди. Ыкчам штаб буга чейин 21 миң 120 жарандын вакцина алганын жазып чыккан эле. Кийинчерээк тактоо киргизди. Соңку суткада эмделгендер: Бишкек шаарында — 1733; Ош шаарында — 754; Ош облусунда — 43015; Чүй облусунда — 1519; Ысык-Көл облусунда — 3402; Талас облусунда — 1012; Нарын облусунда — 2005; Жалал-Абад облусунда — 2991; Баткен облусунда — 1967.