SerepTV Logo

Жаңы паспорт берүү мөөнөтү дагы узартылды. Май айында эмес, сентябрда берилет

Жаңы паспорт берүү мөөнөтү дагы узартылды. Май айында эмес, сентябрда берилет
Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду берүү 2021-жылдын күз айларына чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар тууралуу 100 күндүк планын ишке ашыруу боюнча жыйында билдирди. Анын айтымында, май айында берилиши керек болгон паспорттор мөөнөтүндө бүтпөй калуу коркунучу бар болгондуктан, долбоор сентябрь айында ишке киргизилип, берилиши мүмкүн. «Бүгүнкү күндө 1-майга карата электрондук паспортторду киргизүүдө олуттуу тобокелдиктер бар. Электрондук чипти иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат, бирок паспортторго маалыматтарды лазердик жазуу менен киргизүү боюнча маселе чечиле элек. Жеткирүүчүлөр тарабынан көйгөйлөр толук чечиле элек», - деп билдирди Иманалиев. Мындай билдирүүдөн кийин өкмөт башчы Улукбек Марипов: "Анда студенттер жана башка жарандар чет өлкөгө эркин чыгышы үчүн биз 40 миң паспорттун жарактуулук мөөнөтүн узартышыбыз керек", - деди. Буга чейин өкмөт аталган паспортторду 1-майдан тартып берилерин кабарлаган. Бирок өкмөт паспорт берүү мөөнөтүн тээ 2020-жылдын 25-декабрынан бери эле узартып келет. Себеби катары жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын «Мюльбауэр» (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алып, бирок принтерлерге байланыштуу техникалык себептерден улам жаңы бланктардын Кыргызстанга келиши кечеңдеп жатат деп айтышкан. Бул окуя боюнча 9-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирген болчу.
Unknown Author