SerepTV Logo

Жаңы муфтий Замир Ракиевдин өмүр баяны

Жаңы муфтий Замир Ракиевдин өмүр баяны
Кечээ, 25-июнда Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланды. Ракиев Замир Шейшенбекович 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган. Билими: Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу — Магистр» адистигине ээ болгон. Эмгек жолу: • 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими; • 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору; • 2010-2011 — Нарын облусунун казысы; • 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары; • 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы; • 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген. 2020-жылдын 10-августунан тарта Бишкек шаарынын казысы болуп эмгектенип келген. Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы. Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.