SerepTV Logo

Жаңы Конституцияга каршы чыккан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты

Жаңы Конституцияга каршы чыккан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты
Бүгүн, 19-мартта жаңы Конституцияга каршы чыккан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, сурак Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Кудайбергенов жана "Ханституцияга каршы борбор" боюнча болгон. "Күбө катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, сурак берип чыктым. Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Кудайбергенов жана "Ханституцияга каршы борбор" боюнча суроолор болду. Тергөөнүн купуя сырын сактоо боюнча кагазга кол коюп бергениме байланыштуу, сурактын жүрүшү боюнча айта албайм",- деп жазды ал. Белгилей кетсек, Эрлан Бекчоро уулу да Тилекмат Кудайбергенов менен биргеликте 9-март күнү Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясына чыккан. Учурда Тилекмат Кудайбергенов болсо Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») менен айыпталып, тергөө абагында жатат.
Unknown Author