SerepTV Logo

Жаңы жыл түнү Бишкекте кайсы транспорт каттамдары иштейт. Тизме

Жаңы жыл түнү Бишкекте кайсы транспорт каттамдары иштейт. Тизме
31-январдан 1-январга караган түнү жаңы жылдык атайын каттам түнкү саат 01:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Алты троллейбустук каттамдын айдоочулары шаардыктарды төмөнкү багыттар боюнча үйлөрүнө жеткиришет: № 2, «Аламүдүн-1» кичи району — Фрунзе атындагы завод; № 4, эт комбинаты — Кожзавод; №7, "Тунгуч" кичи району - "Ак-Өргө" конушу; №10, «Асанбай» кичи району — Фрунзе атындагы завод; №14 "Жогорку Жал" кичирайону - Киркомстром. № 17 «Асанбай» кичи району - Кожзавод. Ошондой эле, жаңы жыл түнү саат 1ге чейин бардык каттамдарда автобустар, ошондой эле жеке кичи автобустар каттайт. 1-январдан тарта бардык муниципалдык коомдук транспорттор эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле атайын график менен иштейт. 2-январдан тарта бардык шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштей баштайт.