SerepTV Logo

Жаңы депутат Чыңгыз Макешов парламентте ант берди

Жаңы депутат Чыңгыз Макешов парламентте ант берди
Жогорку Кеӊеш жыйынында КСДП саясий партиясынын тизмеси менен депутат болгон Макешов Чыңгыз Дүйшөнкулович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал Өзгөн шаарынын мэрине шайланганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.