Жаңжал чыккан аймактан көчүрүлгөн 3 келин көз жарды
Чек ара жаңжалы чыккан Баткен районунан Кадамжайга эвакуация болгон 3 келин көз жарды. Анын ичинен бири эгиз төрөдү. Тагыраагы Кызыл-Жол айылынын 32 жаштагы тургуну Айчүрөк Жолдошева эгиз көз жарса, 28 жаштагы Дилфузахон Таштемирова менен Кара-Бак айылынын тургуну Кайрынса Ганыбек кызы кыздуу болушту.
Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миң 338 адам көчүрүлгөнүн саламаттыкты сактоо министрининин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирген эле.
Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миң 338 адам көчүрүлгөнүн саламаттыкты сактоо министрининин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирген эле.