Жанар Акаев: "Президент жүздөгөн адамдарга ырайым берип, түрмөдөн чыгарууда? Түрмөдөн кимдер чыгып жатат?"
Эгер кызматкерлер ошол видеодо көрүнүп турган унаанын багыты менен издегенде, Айзаданын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок. Мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Зордукчул балдардын 5-апрелде чырактай кызды зордук менен, күч менен салып кеткени видеого чыкты. Болгон сайт жарыялады. Кыздын апасы туугандары милицияга кайрылып жатса дагы, милиция эмне үчүн өз убагында жардам көрсөтө алган эмес? Ошол жерде унаанын номуру турат. Ошол кеткен багыты менен барганда, Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүн болчу. "Коопсуз шаар" бир гана айдоочулардан айып пул чогултууга эмес, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн да керек эле. Шаарда жашоо өтө кооптуу болуп калды", - деди ал.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери кылмышкерлерди таппай жатканына байланыштуу, шаарда кылмышкерлер көбөйдү.
"Өнүккөн өлкөлөр өз жарандарына элчиликтен кат жазат көрөсүңөр. Кыргызстан мыкаачылардын, зордукчулардын өлкөсү. Бул жакта эч ким өзүн коопсуз сезбейт. Бул өлкөгө барбагыла деп жазат", - деди ал.
Депутат мындан тышкары, президент Садыр Жапаров абактагыларга ырайым берип, аларды эркиндикке чыгарып жатканын баса белгилеп, абактан кимдер чыгып жатканы изилдениши, такталышы керек экенин билдирди.
"Алардын мындай иштерге барбайт деген кепилдик жок да",- деди ал.