SerepTV Logo

Жамгыр жаап, күн күркүрөйт. 7-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Жамгыр жаап, күн күркүрөйт. 7-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 7-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26; Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26; Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32; Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +24…+26 градус болот.