SerepTV Logo

Жамгыр жаайт. 12-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Жамгыр жаайт. 12-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 12-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Түштөн кийин Чүй облусунун айрым аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23; Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23; Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27; Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22; Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22; Бишкек шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +21…+23 градус болот.