SerepTV Logo

Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынан бошотулду

Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынан бошотулду
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жамалбек Ырсалиевди вице-мэр кызматынан бошотту. Мэриянын басма сөз кызматы анын кызмат орду толугу менен жоюлганын, функциясы Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин башчысына берилгенин кабарлады. Буга чейин УКМК Ырсалиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен иш козголгонун, атайын кызматтын тергөө абагына камалганын билдирген.
edita