SerepTV Logo

Жалпы 10 унаа кармалды. Өлкөдө Абхазиянын номери тагылган унааларга рейд жүрүүдө

Жалпы 10 унаа кармалды. Өлкөдө Абхазиянын номери тагылган унааларга рейд жүрүүдө
2021-жылдын 15-мартында Абхазиянын мамлекеттик номурлуу унааларына карата ЕАЭБ бажы мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Бул туурасында Бажы кызматынан билдиришти. 2021-жылдын 16-мартынан тартып, ИИМдин Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте, кыргызстандык жарандардын башкаруусундагы Абхазия Республикасынын мамлекеттик номурлуу автоунаалары токтотулган. ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелеринде көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин бажы аймагына убактылуу ташылып келинген транспорт каражаттарын пайдалануунун шарттарын сактабагандыгына байланыштуу, Абхазиянын мамлекеттик номурлуу автоунаалары "Бажы инфраструктурасы" Мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан бажы көзөмөл аймагына жеткирилген. Жалпы 10 автоунаа кармалды. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди. Мындай иш-чаралар өлкөнүн бүткүл аймагында өткөрүлөт.
Unknown Author