SerepTV Logo

Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөттөрү жана шарттары

Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөттөрү жана шарттары
Кыргызстандын бардык аймактарында Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. "Тестирлөө окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн 115 тест борборунда өткөрүлүүдө. Тест борборлорунда медициналык пункттар жана медицина кызматкерлеринин, ошондой эле коопсуздук кызматкерлеринин кезмети уюштурулган",- деп айтылат маалыматта. Тестирлөө үч этапта өткөрүлөт: I этап: кечээ башталып, бүгүн 19-майда уланууда; II этап: 21-22-майда; III этап: 22-23-июнда болот. Белгилей кетсек, тестирлөөгө орто жалпы же орто кесиптик билими бар Кыргызстандын жарандары, ошондой эле каттоо учурунда жалпы билим берүүчү мектептердин 11-классында, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын акыркы курстарында окуп жаткандар катыша алышат.