SerepTV Logo

Жалалидин Рахматуллаев: "Жарандар COVID-19 мага жукпайт деп кенебестик кылууда"

Жалалидин Рахматуллаев: "Жарандар COVID-19 мага жукпайт деп кенебестик кылууда"
Жарандар COVID-19 мага жукпайт деп кенебестик кылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары брифинг учурунда билдирди Жалалидин Рахматуллаев билдирди. Ал бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 931 кишиден табылганын айтып, оору жуктургандардын көбөйүшү жарандардын санитардык эрежелерди сактабагандыгынан болуп жатканын белгилеп өттү. "Айрым жарандар өзүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугуна кайдыгерлик, кенебестик кылууда. Бул оору мага жукпайт деген мамиле жасалып жатат. Биз айтып жаткан санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелер сакталбай эле. Бет кап тагынып, колуңузду самын менен жууп, антисептик каражаттарын колдонуңуздар, социалдык аралыкты сактаңыздар", - деп ал жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды. Ошондой эле, ал оору жуктургандардын 30 пайызы 65 жаштан улуулар болуп жатканын белгилеп, алар той жана башка иш-чараларга баруудан алыс болушу керектигин эскертти.
Unknown Author