Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө ата-энелери менен келген кичинекей кыздар чөгүп кете жаздашты (видео)
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери чөгүп жаткан 3 кызды суудан алып чыгышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу пляжында коомдук коопсуздуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жүрүп, көлдүн болжол менен 10-15 метр алыстыгында кыздардын сууга чөгүп жатканын байкап калышкан.
Милиция кызматкерлери сууга секирип, үч кызды аман-эсен алып чыгышкан. Териштирүү маалында пляжда суу алдындагы кооптуу жар тууралуу эскертүү белгиси жок экени жана суунун бир жеринен кескин тереңдеп кетери аныкталган.
Куткарылган өспүрүм кыздар — Жалал-Абад облусунун 11-12 жаштагы тургундары экени жана ата-энелери менен эс алууга келишкени белгилүү болду.