SerepTV Logo

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ишке кирди

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ишке кирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун” ишке кириши менен таанышты. Таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана 133 миллион сомго курулган. Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9,0 гектар аянтты түзөт. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү.