Жалал-Абадда спирт ичимдигине ууланып 3 адам каза болду
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3 адам ууланып каза болду, дагы төртөө оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 3-мартта Кара-Суу айылынын 7 тургуну аймактык ооруканага алып келинген. Алардын үчөө ооруканага жетпей каза болгон. Калган 4 адам оор абалда ооруканада жатат. Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, алар спирт ичимдигине ууланышкан.