Аксыда спирт ичимдигине ууланып каза болгондордун саны 6 адамга жетти
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 6 адам спирт ичимдигине ууланып каза тапты. Бул маалыматты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дөөлөтбек Миңбаев ырастады.
Маалыматка ылайык, башында 3 адам каза болгону расмий тараптардан айтылган. Азыр бул көрсөткүч 6 адамга жеткени белгилүү болду.
Кечээ, 3-мартта Кара-Суу айылынын 7 тургуну аймактык ооруканага алып келинген. Алардын үчөө ооруканага жетпей каза болгон. Калган 4 адам оор абалда ооруканага келген. Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат.