Аксыда спирт ичимдигине ууланып каза болгондордун аты-жөнү такталды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда спирт ичимдигине ууланып каза болгон 6 адамдын аты-жөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен такташты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун баары Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгон.
Алар:
- Ийри-Булуң айылынын 59 жаштагы тургуну (аял);
- Ийри-Булуң айылынын 62 жаштагы жашоочусу (эркек киши);
- Ийри-Булуң айылынын 69 жаштагы жашоочусу (аял);
- Кызарт айылынын 54 жаштагы жашоочусу (эркек киши);
- Кызарт айылынын 53 жаштагы жашоочусу (эркек киши);
- Чарба айылынын 54 жаштагы жашоочусу (эркек киши).