Жалал-Абадда президенттин кортежин жергиликтүүлөрдү мажбурлап тостуруштубу? Расмий жооп
Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна барган иш сапарында жергиликтүү тургундар анын кортежин тосуп алууга аргасыз болгондугу тууралуу маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарга президенттик аппараттан комментарий беришти.
«Президент мындай демилгелерге каршы», - деди өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда болгон окуяга байланыштуу бардык жагдайлар, анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоосу болгон-болбогондугун тактоо максатында кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Кечээ, 19-декабрда соцтармактарга президент Садыр Жапаровдун кортежинин унаалары өтүп баратканда жергиликтүү тургундар жол жээгинде желектерин желбиретип турганы тартылган видео тараган болчу.