Жалал-Абадда облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин ачылыш аземи өттү. Ал мурда кандай эле?
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебин ачты.
Мурдагы имарат 1906-жылы курулган жана пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган эле. Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуп башталып, бүткөрүлдү. Жаңы мектеп-интернаты 100 окуучуга ылайыкталган.
Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство таануучу, костюм дизайнери, керамист сыяктуу кесиптерди өздөштүрүшөт.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="293097,293102,293094,293098,293101,293095,293099,293096,293104,293100,293103"]