Жалал-Абадда милициянын көчмө кабылдамасына жарандардан 367 кайрылуу түшкөн. Сүрөт
Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаалары менен жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу уланууда. Милиция кызматкерлери алыскы айылдарга чейин барышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү багытында иштеп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Бүгүнкү күндө милициянын көчмө кабылдама унаалары Жалал-Абад шаардык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүндө бар. Кызматкерлер бул унаалар менен 25-май акыркы коңгуроо күнү да эл аралашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
2021-жылдагы 4 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамалары 286 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 367 ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен өз алдынча башкаруу органдарына 92, мамлекеттик органдарга 25 материал жиберилген. 163 кайрылуу боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилген. Ошондой эле 18 факты КЖБРге катталып, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="48649,48650,48651,48652,48653"]