SerepTV Logo

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды
Бүгүн, 21-октябрь күнү Жалал-Абад облусундагы укук коргоо органдары үчүн жаңы курулган имараттардын ачылуу аземи болуп өттү. Анда Ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад шаарынын жергиликтуүү бийлик өкүлдөрү жана өздүк курам катышышты. Жалал-Абад шаарындагы Кашкина көчөсүндө жайгашкан мурдагы Жалал-Абад ШИИБдин эски имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы милиция кызматкерлеринин балдары үчүн алгачкы 120 орундуу №30 «Жеткинчек» балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="257528,257529,257530,257531,257532"]