Жалал-Абадда окуучу электр мамычадан боюн таштоого аракет кылды
Жалал-Абадда мектеп окуучусу электр мамычадан боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат саат 17:18де ӨКМге түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, жерине 17:45те барышкан. Бала түшүрүлүп, ата-энесине өткөрүп берилди.