Жалал-Абадда эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт
Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абал күчөтүлүп, беткап режими күчүнө кирүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын кабарлашты.
Мекеменин айтымында, бүгүн шаарда санитардык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. "Тийиштүү тармактардан түзүлгөн 4 топ тарабынан шаардын аймагындагы мекеме-ишканаларга, банктарга, соода жайларына, коомдук тамактануучу жайларга, базарларга эскертме кагаздары берилди. Алар санитардык эрежелерди сактоого чакырык таштап, беткап тагып, антисептикалык каражаттар менен иштөөнү айтышты", - деп билдиришти Жалал-Абад мэриясынан.