Жалал-Абадда эл көп топтолуучу жайлар текшерүүгө алынат (сүрөт)
Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу кызматкерлер кайгулдоо багыттарына бөлүнүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, анда эл көп топтолуучу жайлар, ири соода борборлору, базарлар, парктар, коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынат. Ошондой эле түнкү убакытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кафе-ресторандарга, тойканаларга, түнкү оюн-зоок клубдарына коюлган чектөөлөр боюнча рейддер уюштурулат.
Жалал-Абад шаардык ыкчам штабдын жыйынында 1-июлдан тарта тойканалар белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотоору, ал эми коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50 пайызга кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштей тургандыгы белгиленген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60927,60928,60929,60930,60931"]