SerepTV Logo

Жалал-Абадда 19 жыл мурун менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абадда 19 жыл мурун менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Көл шаарында жайгашкан жана баасы 22 миллион 919 миң 500 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2002-жылдын 12-июнунда Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан №6 балдар бакчасынын имараты 1,24 гектар жер аянты менен бирге мыйзамсыз түрдө жеке тараптардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган. Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында ал толугу менен канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 23 миллион сомду чапчыган сомду балдар бакчасынын имараты 1,24 гектар жер аянты менен бирге муниципалитеттин балансына кабыл алынды.