SerepTV Logo

Жалал-Абадда 176 эне "Баатыр эне" орденин тагынышты

Жалал-Абадда 176 эне "Баатыр эне" орденин тагынышты
2021-жылы Жалал-Абад облусундагы көп балалуу 176 энеге “Баатыр эне” ордени жана 93 энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Учурда орден жана күбөлүктөр облустун бардык район-шаарларындагы жергиликтүү бийлик тарабынан ээлерине тапшырылууда. “Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча аталган наамдарды алууга жалпы 272 сунуш келип түшкөн. Алардын ичинен 3 сунуш мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынан өткөн эмес”, - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 7 же андан көп баласы бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлана алышат. Ал эми 6 балалуу энелерге “Эне даңкы” ордени тапшырылат.
Unknown Author